Ошто күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Өлкөнүн түштүк аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 28-февраль күнү саат 23:27 чамасында катталып, очогу Ош облусунун Араван районунда орун алган. Ал Ош шаарынан 40 чакырым түштүк-батыш тарапта, Кызыл-Кыя шаарынан 25 чакырым түндүк-чыгышта жайгашып, күчү 4 баллга жеткен. Ошондой эле жер титирөөнүн күчү Ноокат районунун Найман, Көк-Жар айылдарында жана Араван районунун Кызыл-Коргон айылында 3,5 баллга, Кызыл-Кыя шаарында, Ноокат районунун борборунда 3 баллга, Ош шаарында жана Араван районунун борборунда 2,5 баллга жеткен.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, жер титирөөдөн кыйроолор жана каза болгондор жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
remi.005
2018-03-01 15:57:14
Кудай сактасын,каттуу силкинип отуп кетти.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан