КСДП фракциясынан депутат Аалы Карашев жашылдандыруу ишин отчёт менен эмес, реалдуу жумуш менен күчөтүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Жаз келгенде жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча демилге менен чыгабыз. Отчётторду берип жыл сайын 20-30 миллион көчөт отургуздук. Отчёт боюнча иштеген болсок, акыркы 10 жылда Кыргыз мамлекети токой болуп кетиши керек болчу.Тилекке каршы, бүгүн андай болгон жок. Отургузулган көчөттүн сапатына өзгөчө көңүл бурсак жакшы болмок. Өкмөт бул боюнча көзөмөлгө алуусу керек", - деди депутат.
Мындан тышкары депутат жөлөк пул жөнүндө мыйзамдын ишке кирүүсү боюнча маселеге токтолду. "Жөлөк пул жөнүндө мыйзамдын ишке кирүүсүн 1-апрелге чейин узарттык. 1 айдан кийин 1-апрель болот. Азыр эл кандай жаңы шарттар болот деп күтүп жатат. Жаңы мыйзам боюнча сын-пикирлер айтылып жатат. Ошондуктан азыртадан иш алып баруу зарыл. Апрелде бул мыйзам кайрадан түйшүк жаратпашы керек", - дейт эл өкүлү.