Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев маршруттук таксинин жүргүнчүлөрү аялдамадан эмес, жолдун ортосунан түшкөнүнө нааразы.
"Шаар ичинде жол ортосунда токтоп турган маршруттук таксилердин жүргүнчүлөрү түшүп жатышат. Эгер жакын турган унаа жүрүп кетсе, түшүп жаткан кишилерди тебелеп кетсе эмне болот? Ош-Бишкек жолунда көп кырсыктар болуп жатат. Бишкектин өзүндө да көп катталууда. Өзүбүз унаа менен жүрүп көрүп жатпайбызбы. Айдоочулар айып пулду тоготпойт экен. Аялдамага чейин күтүп туруу кыйын болуп жатабы?" - деди Жолдошбаев.
Эске салсак, буга чейин 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев жөө, коомдук унаа менен жүргөн кесиптештери үчүн уялып, баш кийимин ылдый басып унаа менен Ак Үйгө кирип жатканын айткан. Мындан улам эл өкүлү журналисттерди залдан чыгарып, кызматтык унаа, жардамчы боюнча маселени кайрадан карап чыгууну сунуштаган.