Өлкөдө бир жумада 23 миң айдоочу административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта парламент жыйынында өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди.
"Мас абалында 336, кур тагынбаган 4 668, жол кыймылына тоскоолдук келтирген 2 283, жол белгилерин бузган 4 719 айдоочу жоопкерчиликке тартылды. Айып жайына 1 157 унаа токтотулган. Салынган айыптын болжолдуу суммасы 16 миллион сом", - дейт ал.
Мындан тышкары Ашырбек Темирбаев жол кырсыгынан улам бир буту кесилген 1 жаш 8 айлык наристеге өкмөт башчы Сапар Исаков 100 миң сом которуу тууралуу буйрукка кол койгонун айтты.