Премьер-министр Сапар Исаков "Дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө" өкмөттүн токтомуна кол койду. Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, чечим 2018-жылдагы дем алыш жана майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынды.
Токтомго ылайык, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2018-жылдын 3-мартындагы дем алыш күнү 9-марттагы иш күнүнө которулат. Өкмөттүн аталган чечими ошондой эле жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине пайдаланууга сунушталат. Буга байланыштуу өлкө жарандары март айында 8-9-10-11-март күндөрү эс алышат.
Мындан тышкары төмөнкүлөр которулат:
- 28-апрелдеги дем алыш күнү 30-апрелдеги иш күнүнө;
- 7-майдагы дем алыш күнү (дем алыш күнү катары таанылат, анткени 5-Май дем алыш күнүнө туш келет) 3-сентябрдагы иш күнүнө;
- 3-ноябрдагы дем алыш күнү 9-ноябрдагы иш күнүнө;
- 29-декабрдагы жана 5-январдагы дем алыш күндөрү 2018-жылдын 31-декабрындагы жана 2019-жылдын 2-январындагы иш күндөрүнө тийиштүү түрдө которулат.
Натыйжада, жарандар кошумча түрдө 30-апрелде, 3-сентябрда, 9-ноябрда, 2018-жылдын 31-декабрынан 2019-жылдын 2-январына чейин эс алышат.
Иш күндөрү катары 2018-жылдын 3-марты, 28-апрели, 7-майы, 3-ноябры, 29-декабры жана 2019-жылдын 5-январы жарыяланды.