Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов спортчуларды батир менен камсыздоону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-мартта парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, спортчуларды сыйлоо маселесин кайрадан жандандыруу керек. "Кыргыз мамлекетинде күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпиондугу өтүп жатат. Кечээ спортчу Акжол Махмудов өлкөбүзгө алтын медаль алып берди. Мындай спортчуларды мамлекет үй менен камсыз кылып колдобосо, чемпиондун келечеги эртең кандай боло турганы белгисиз", - дейт ал.
Эске салсак, 28-февралда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугунун 2-мелдеш күнү өтүп, кыргыз балбаны Акжол Махмудов алтын медалды жеңип алган.