Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги чет өлкөдөн мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн 327 араба, 218 балдак, 38 чыгырык (ходунок) берилгенин билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай жардам чет өлкөдөн бир нече жылдан бери келип жатат.
"Булар мүмкүнчүлүгү чектелгендерге арыздын негизинде таратылат. Негизи ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер 5 жылда бир жолу коляскасын жаңылап турушат. Эгер сынып калса бизде атайын ишкана бар, оңдоп беришет.
Америкалык бул долбоор бизде бир нече жылдан бери иштеп келе жатат. Буга чейин балдар интернаттарына тамак жасоочу, кир жуучу жабдыктарды, кийим-кечеден жардам алганбыз жана алма бак да отургузуп беришкен", - дейт маалымат катчы.