Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев "Кыргыз темир жолу" ишканасында коррупцияга шек жараткан маалыматтарды белгилеп, ишкананы жетекчилер өз менчигиндей колдонуп жаткандыгын билдирген.
SUPER.KG порталына "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз катчысы Эркин Каимов аталган айыптоолор негизсиз экенин билдирди.
Каимовдун айтымында, мейманкана курулган жер аталган ишканага тиешеси жок. "Жер ишкананын жетекчиси Алмазбек Ногойбаевдин кызы Асел Ногойбаеванын өзүнө катталган. 49 жылга ижарага алып иштетип жатыптыр. Ал жерде эч кандай мыйзам бузуу жок, прокуратурадан, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан келип текшерип кетишкен.
Ал эми депутаттын ишкана "Өзбекстандын карызын кечип жиберди" дегени жаңылыш маалымат, карыз кечилген жок. Учурда бул маселе боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деп билдирди Каимов.