Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеӊеште Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин парламенттер аралык ассамблеясынын алкагында жыл сайын эл аралык Ысык-Көл кинофестивалын өткөрүү жөнүндө токтомдун долбоору каралды. Баяндаманы "Ата Мекен" фракциясынан депутат Садык Шер-Нияз жасады.
Анын айтымында, Ысык-Көл кинофестивалы КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын маанилүү иш-чараларынын бири болуп калат. "Бул иш-чара Кыргыз мамлекети, Жогорку Кеңеш үчүн да кыйла маанилүү. Анын чыгымын жалгыз Кыргыз мамлекети эмес, КМШга мүчө мамлекеттер да кошо тартат. Улуттук кинонун өсүшүнө да өбөлгө түзүлөт", - дейт ал.
Аталган фракциядан депутат Каныбек Иманалиев Ысык-Көл кинофестивалы туризмдин өнүгүшүнөн тышкары, инвестициянын тартылыша, кошумча каражаттын түшүүсүнө да мүмкүнчүлүк түзө турганын айтты. “Ушул тапта өлкөнүн киночулары жараткан тасмалар эл аралык деӊгээлде таанылды. Анын үстүнө мындай демилге Жогорку Кеӊештин да аброюн көтөрөт деген ойдомун”, - деди ал.