Жаздын алгачкы күнү: Бишкекте бөлмө гүлдөрүнүн көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, 1-мартта Бишкек шаарында жайгашкан "Сейтек" балдар борборунда "Жаздын гүлдүү сыйкыры" аталыштагы бөлмө гүлдөрүнүн көргөзмөсү ачылды.

Уюштуруучулардын айтымында, аталган көргөзмөгө 10 багбанчынын эмгектери коюлган. Анда 30дан ашуун бөлмө гүлдөрүнүн түрлөрү көрсөтүлгөн.

"Жаз майрамдарын утурлай бүгүн гүлдөрдүн көргөзмөсү ачылды. Аталган көргөзмөгө келген көрүүчүлөр жөн гана гүлдөргө суктанып кетпестен, гүл өстүрүү тууралуу адистердин кеңешин алып, мастер-класстарга күбө боло алышат", - деп билдирди уюштуруучулар.

Көргөзмөгө келгендер өзүнө жаккан гүлдү сатып алса болот. Гүлдөрдүн баасы 100 сомдон 600 сомго чейин. Көргөзмө 8-мартка чейин эртең мененки саат 9:00дөн тартып кечки саат 19:00гө чейин иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
rejepova
2018-03-01 16:24:45
Ууууу сонунгооо, менин ооруум гулдор,Бишкекте болсом бармакмын((((
+2
chyrok
2018-03-01 18:17:21
Мен дагы фиалка,цикламен менен ооручум
+1
Baiana
2018-03-01 19:23:04
Борбордо болгондо барат элемин кааап)
+1
ayana16
2018-03-02 01:04:54
Мен да гулдор менен ооруйм.гул корсом эле маанайым которуло берет.Уйдо да гулдорум кооп бирок мындай кооздору жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан