Түркмөнстанда 8-мартта ар бир аялга белек катары 11 доллардан берилет

Түркмөнстанда Аялдардын эл аралык күнүнө карата ар бир аялга өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун атынан 40 түркмөн манаты, башкача айтканда, 11 доллар белекке берилет. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, президенттин атынан берилүүчү белек өлкөдө жашаган бардык аялзатына, тактап айтканда, улгайган апалардан тартып ымыркай кыздарга чейин берилет.

Аталган майрамда аялзатына акчалай белек берүү салты Түркмөнстандын биринчи өлкө башчысы Сапармурат Ниязов бийликте турган учурда башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Ramina-malina
2018-03-01 16:00:15
Сонун го,бирок бир жагынан кысып коюп жатат да элди...
+4
Akyl78.1501
2018-03-01 16:05:50
Бизде ар бир аял эркеке 600 $ дан мамлекеттин карызын моюнга илет ха ха ха
+9
Dalil
2018-03-01 16:06:50
Жакшы саамалык экен.
0
KUBI
2018-03-01 16:20:00
Андан коро бир кап ундан берсе болмок.
-1
Nevestkaa
2018-03-01 17:33:53
11долларды алып эле ун алышат экен да анда.
-2
Okna
2018-03-01 19:10:11
Ээ алар бизден Караганда сонун жашайт эли
-1
bars_wire
2018-03-01 21:35:49
Туркмонстан биздикилерге окшоп эптеп элин алдап жатышат.Аларда бирок аябай чон кризис болуп жатат.Бизде шугурчулук элдин курсагы ток.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан