Убактылуу жашагандыгы тууралуу маалым каттын баасын 300 сом кылып жергиликтүү кеңеш бекиткен, ал акчаны батирде жашагандар эмес, батир берүүчү тарап төлөш керек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айылдык кеңешинин төрайымы Рая Жумалиева билдирди.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктуна жана 36-беренесинин 2-пунктуна таянып, биз, жергиликтүү кеңеш убактылуу жашаганы тууралуу маалым катка ушундай баа коюп бекитип бергенбиз. Биздин чечимдерди айыл өкмөт аткарууга тийиш. Маалым катка болгон бааны убактылуу батирде тургандар эмес, батир берүүчү тарап төлөшү керек, бул чечим бардык жергиликтүү тургундарга айтылган. Мурда убактылуу жашагандар тарабынан сууга, таштандыны алып кетүүгө жана башка кызматтар үчүн акча төлөнбөй калчу, ошол себептен ушундай чечим чыгарганбыз.
Ал эми сиздер айткан учур боюнча ал адамдын акчасы кайтарылбайт, эми мындай учур катталмайынча кемчиликтер билинбейт эмеспи. Батир ээси төлөбөй, алып жаткан жаран да төлөбөйм деген учурда маалым кат эч кимге берилбейт. Дагы бир нерсе бар: мындай учур катталбашы үчүн батир берүүчүлөр батирине кирген ар бир жашоочуну убактылуу каттоодон өткөрүшү керек", - деп билдирди Жумалиева.
Айта кетсек, аталган айыл өкмөтүндө убактылуу жашагандыгы тууралуу маалым каттын баасы 300 сом экенине нааразычылыгын билдирип, окурман SUPER.KG порталына кайрылган.