Апрелден тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кыргыз тилинен тест тапшырышат. Бул тууралуу Кыргызтест башкармалыгынын жетекчиси Батма Топоева-Ставинская SUPER.KG порталына билдирди.
"Бул боюнча токтом 2017-жылы чыккан. Тест тапшыруунун максаты - кызматкердин тил билүү деңгээлин аныктоо. Кийин чет тилин билүү деңгээлин аныктоо боюнча орус, англис, немис, испан тилдеринен да тест тапшырышат.