Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун (Боом капчыгай тилкеси) 130-чакырымынан тартып 135-чакырымына чейинки бир багыты убактылуу жабылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге "Кыргыз темир жол" ишканасынан кабарлашты. Буга жаан-чачындуу аба ырайынан улам унаа жолдун 132-чакырымындагы тосмо дубал талкаланып баштагандыгы себеп болууда.
"Бүгүн, 1-марттан тартып дубалдарды бекемдөө иштери башталды. Ал 3 ай 15 күнгө созулат. Дубалды бекемдөө иштери унаалардын жана темир жолдун каттамдарына коркунуч жараткандыктан жолдун бир тарабы жабылып, Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан көзөмөлгө алынып турат", - деп билдиришти мекеменин маалымат кызматынан.