"Ош базарында" чыккан өрттөн улам жабыркаган соодагерлерге акчалай компенсация төлөнбөйт. Бул туурасында Экономика министрлигинин ишкердиктин саясаты бөлүмүнүн башчысы Улукбек Жапаров SUPER.KG порталына билдирди.
"30-январда "Ош базарындагы" өрттөн улам 118 орун күйүп кеткен. Соода орундары күйүп кеткен жарандардын патент алып соода кылгандарына гана мурун банктан алган насыяларынын мөөнөтү узартылып, азыр алган насыялары аз пайыз менен берилет. Ал эми патенти жок соода кылгандарга эч кандай жеңилдиктер каралган жок жана акчалай компенсация төлөнбөйт. Анткени алар патент алышпагандыктан, Социалдык фондго акча төлөшчү эмес.
Биз жабырлануучуларга "Дордой моторс" базарында соода кылууну сунуштасак, "алыс болуп калат" деп барбай коюшту", - дейт бөлүм башчы.
Эскерте кетсек, 30-январда саат 9:48 чамасында Бишкектеги "Ош базарында" өрт чыгып, кечки саат 6:29да толугу менен өчүрүлгөн. Өрт жалпы "Сейтек” жана “Берекет плюс” кичи базарындагы соода орундарын каптап, анын аянты 3 миң 500 чарчы метрге жеткен.