Бүгүн, 1-мартта президент Сооронбай Жээнбеков "Түрксой" уюмунун башкы катчысы Дюсен Касеиновду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мамлекет башчысы Дюсен Касеиновду аталган уюмдун башкы катчысы кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады.
"Аталган уюм 2018-жылды улуу жазуучу "Чыңгыз Айтматов жылы" деп жарыялаганына ыраазычылык билдиребиз. Быйыл "Түрксойдун" 25 жылдыгы белгиленип жатат, буга байланыштуу уюмдун мааракеси менен куттуктайм. Сиз жетектеген уюм жалпы бир тууган түрк элдеринин арасындагы руханий көпүрө катары көп иштерди аткарып жатканын жакшы билебиз. Кыргыз элинин маданиятын, рухий байлыгын дүйнөлүк аренага таанытууга, маданий байланышты чыӊдоого чоң салым коштуңуз. 2013-жылы "Токтогул Сатылгановдун жылы", 2016-жылы "Жусуп Баласагындын жылы", ал эми 2018-жыл Кыргыздын улуу жазуучусу "Чыңгыз Айтматовдун жылы" деп жарыяланды. Биз быйылкы жылы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган маанилүү иш-чараларды татыктуу өткөрүүгө бардык аракеттерибизди жумшайбыз", - деп белгиледи президент.
Дюсен Касеинов быйыл "Чыңгыз Айтматовдун жылына" карата бүт дүйнө жүзү боюнча көптөгөн иш-чаралар өткөрүлөрүн белгиледи.