Социалдык тармактарда өлкөдө өндүрүлгөн шоколаддын айланасында кызуу талкуу жаралды. Анда шоколаддын даамы үчүн эмес, анын бетине түшүрүлгөн желектин сүрөтү колдонуучулардын нааразычылыгын жараткан.
Талкууга алынып жаткан таттуу 2 ай мурда сатыкка чыккан. Мындан улам айрым сатып алуучулар "мамлекеттик символду тебелеп жатышат" деген пикирлерин айтып чыгышкан.
Алардын бири, социалдык тармактын колдонуучусу Алишер Ташматов: "Мамлекеттик символдор бүгүн шоколаддын бетине түшүрүлсө, эртең даарат кагазынын бетине да түшүрүлүшү мүмкүн. Андыктан катуу чара колдонуу керек", - деп өз пикирин билдирген. Анын бул пикирин социалдык тармактын бир нече колдонуучулары кубаттаган.
Ал эми өндүрүүчүлөр: "Таттуунун бетиндеги сүрөт мамлекеттик символду тебелөө эмес. Анда түндүктүн гана сүрөтү түшүрүлгөн. Бизге мамлекеттик органдар тарабынан да эскертүүлөр берилген эмес. Эгер биздин азыкты калктын басымдуу бөлүгү сындай турган болсо, шоколаддын бетиндеги сүрөтүн алмаштырабыз", - деп маалымат каражаттарына билдирген.
Юристтердин билдирүүсүнө ылайык, шоколаддагы сүрөт эч кандай мамлекеттик символдун баркын кетирүүнү билдирбейт. Белгилей кетсек, мамлекеттик символдордун баркын түшүргөндөр 5 миңден 10 миң сомго чейин айып төлөйт же 1 жылга эркинен ажыратылат.