Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылындагы "Кылыч-Буркан" көрүстөнүнүн жанында 5 баласы менен жашап жаткан Гүлжахан Атажонова 2 баласы менен көрүстөндө жайгашкан үйдө жашоосун улантып жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаарындагы Социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева билдирди.
"Гүлжахан Атажонова 5 баласы менен көрүстөндө жашайт деп айтылган. Алардын ичинен 3 бала эжеси Гүлмира Атажонованын балдары болгон. 3 баланын тең Кара-Суу районунан алынган туулгандыгы тууралуу күбөлүгү бар. Эжеси каза болуп калган соң жездеси Гүлжаханга балдарын таштап Орусияга кеткен. Кара-Суу районунун социалдык кызматкерлери жана биздин кызматкерлер барып акт түзүп, 3 баланы атасынын агасына, туугандарына өткөрүп бердик. Ал балдардын атасы жакында Орусиядан келе турганы белгилүү болду.
Ал эми Гүлжахан 2 баласы менен көрүстөндө жашап калды, апасынын паспорту жоктугуна байланыштуу балдарынын да туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Улуу кызын үйүндө, кичүүсүн былтыр Ош шаардык төрөт үйүндө төрөптүр. Жарандык никедеги күйөөсү да бар, кичүү кызынын атасы ошол киши экен. Биз паспорт алып берүү үчүн тийиштүү мекемеге кат жолдодук, жакында Гүлжаханга паспорт алып берип, балдарына жөлөк пул берүү маселесин чечебиз. Ал учурда жашоосун көрүстөндө жайгашкан үйдө эле улантып, чыкпай турганын айтты. Анткени анын атасы ошол жерде жашаптыр. Шаардагы үйү кароосуз калгандыктан ал жерде жашоого мүмкүн эмес. Оңдоп-түзөөдөн өткөрүш керек. Анын үстүнө атасы каза болгондон кийин үй кимге калганы белгисиз. Гүлжахандын айтымында, ал жерге көчүп барса бир тууган агасы кууп чыгат", - деп билдирди Раева.
Эске салсак, буга чейин 5 баласы менен көрүстөндөгү мүрзө казуучулар шаймандарын койгон үйдө жашап жаткан аялды айыл башчы ал үйдөн кубалап жаткандыгы белгилүү болгон.
Кийинчерээк, Гүлжахан Атажонованын Ош шаарында үйү бар экени Акыйкатчы институтунан кабарланган.