Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айылынын 40 жаштагы тургуну Халхожо Атахановдун күнөсканасында кулпунай бышып баштап, ээсин кубандырып турган учуру. Атаханов мурун дыйканчылык менен алектенсе, кийин Түштүк Кореяга да барып-келип иштеп баштаган. Кулпунайды күнөсканада өстүрүү боюнча тажрыйбаны Кореяда иштеп жүргөндө топтогон.
"Күнөскана бизнеси менен алектенгениме 3 жыл болду. Кулпунайдын 1000 түп көчөтүн Кореядан алып келип, алгач үйдө өстүрдүм. Анан чоңоё түшкөндө аянты 2,5 сотыхты түзгөн күнөсканага сентябрда отургуздум. Күнөскананын узундугу 35, туурасы 7, бийиктиги 3 метр. Жер семирткич катары 1 мүшөк аммофос менен 2 тонна кык колдондум. Азыр түшүм берип жаткан учуру. Буюрса, май айына чейин түшүмүн тынымсыз берет деп турам.
Азыркы тапта жаңы терилген кулпунайдын килограммын 500дөн 1000 сомго чейин сатканга болот. Көбүнчө торт, дагы ар кандай таттууларды жасайт элек дегендер алып кетишет. Күнөсканада ылайыктуу температураны кармап турбаса кулпунайдын өсүшү кыйын. Аларды тамчылатма ыкмасы менен сугарам”, - деди ишкер.