Бүгүн, 2-мартта "Республика-Ата Журт" фракциясы жөлөк пул жөнүндө мыйзамдардын аткарылышы тууралуу маселени карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова жасайт. Кошумча баяндамачы катары эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова чакырылган. Жыйындын күн тартибине 1 гана маселе коюлган.