Окумуштуулар көлмөлөргө, деңиз сууларына көп түшүү ашказан жана кулак ооруларына алып келерин аныкташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, дүйнөгө белгилүү окуу жайлардын бири Эксетерск университетинин окумуштуулары Британиядан, АКШдан, Австралиядан, Жаңы Зеландиядан, Норвегиядан, Даниядан сууга такай түшүп, көзөмөлгө алынган 120 адамдын ден соолугунун абалы баяндалган маалыматтарды алышкан.
"Биз алган маалыматтарды изилдеп, көзөмөлгө алынган адамдардын угуу системи начарлагандыгын жана алардын ичинен 29 адамда ашказан-ичеги оорулары пайда болгонун аныктадык", - деп билдирген окумуштуулар.
Алардын айтымында, көлмөлөргө, деңиздерге суу менен кошо жугуштуу микроорганизмдер дагы агып келет, дал ошол микробдор жана бактериялар ар кандай оорулардын негизги себеби болуп эсептелет.