Баткенге жетпей авариялык абалда Бишкекке конгон учактын видеосу жарыяланды. Анда жүргүнчүлөрдүн ыйлап жатканын угууга болот

Интернетке "Манас" эл аралык аэропортунан Бишкек-Баткен аба каттамындагы жүргүнчү ташыган учак авариялык абалда Бишкектеги аэропортко конгон видеосу жарыяланды.

Маалым болгондой, RJ-85 үлгүсүндөгү жүргүнчүлөрдү ташыган учак "TEZ Jet" авиакаттамына таандык болгон.

Учак аэропорттон саат 14:22лер чамасында абага көтөрүлгөн. Бирок учкуч диспетчерлерге сол канаттын кыймылдаткычы иштен чыгып калгандыгына байланыштуу конуу керектигин билдирип, Чычкан капчыгайынан артка кайткан. Саат 14:52де Бишкектеги аэропорттун аэродромуна конгон. Учактын ичинде 96 жүргүнчү болуп, оор жаракат алгандар катталган эмес.

Кыргыз Республикасынын жарандык авиация агенттиги аталган кырсыктын себептерин иликтөө үчүн атайын комиссия түзгөн.

Эскерте кетсек, кечээ, 1-мартта Бишкек-Баткен аба каттамындагы учактын кыймылдаткычы күйүп кеткендиги тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришкен.

Учактын кыймылдаткычы иштен чыккандагы элдин абалы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
doni89
2018-03-02 10:57:13
Жараткан озу сактартыр....Жакшылап текшерип анан учса болмок дененибиз менен техника Деп койот...жабыр тарткандар жок екен жакшы.
+19
aadanova14
2018-03-02 11:20:15
Кудай сактаптыр аман эле болгулачы.
+12
Belmonda
2018-03-02 11:50:18
Жатып олгучо атып ол, дейт эле мурда. Эми жатып олгучо тартып ол деген заман болуп калыптыр. Кудайга сыйынып, тообоно таянсан XXXX чу дегенде эле телефонго жабышпай
-5
vavilon.
2018-03-02 12:47:54
Бир жак кыймылдаткыч иштебей калса эч нерсе болбойт, учуп кете берет самалёт. Эки канатынын тең кыймылдаткычтары иштебей калган учурлар жаман. Эгер учак 10миң метр бийикте болсо жакынкы аэродром, же талаага, ага да болбосо сууга эптеп жетип кондурат. Самалёт вертолёттой кулап тушпойт, канатына таянып куш сымал учуусун уланта берет. Бирок барган сайын төмөндөй берет. Эгер өтө ылдыйда, же эми гана көтөрүлүп жатканда мотору иштебей калса анда шанс жок, жетчу жерине жетпей кулап тушот.
+4
Juliakalt
2018-03-02 23:22:02
vavilon.,эн туура жаздын !
+1
kanima
2018-03-02 12:49:28
Кудай сактаптыр.эсен аман бололучу кайсыл жерде болсокда.жараткан боодо кырсыктан озу сактасын...
+6
buran12
2018-03-02 14:32:34
Эскерте кетсек учактын ичинде Дайыр Исмадияров болгон деп кошуп койбойсунарбы!!!
+10
jbolotov
2018-03-02 15:43:25
RJ85 учагы 85 адам жугу менен (25кг) эсептелген учак экен, жанылыктарда 96 адам бар экен деп окудук, 96 адам жугу менен ансызда эски учактын бузулушуна кошумча болсо керек.
+1
Agayu
2018-03-02 15:45:04
Качан кырсыкка учураганда,же кулап тушойун дегенден кийин комиссия тузуп калышат.Алдын ала тузчу комиссиясын тузуп учурушса болбойбу баардык самолетти.
+1
Agayu
2018-03-02 15:51:36
Agayu,Бекеринен Европа Кыргыз мамлекетинин аеропортун кара тизмеге киргизген эмес.Болбосо шалдыраган самолетте учуп журоберет элек.
+2
Paprikafm
2018-03-02 16:22:43
Кудай зор сактап тынч аман конушуптур кудайга шугур
+1
MoltirJan
2018-03-02 16:48:00
Аллахым аман сактаптыр рахмат баарына...
0
raykray
2018-03-02 17:55:26
Кудай урсун бийликтегилер баарынарды!!! Акча бар силерди жыргаган силерсинер!!! Силерге элдин кыйналганы проблема эмес силерге-маршруткада жургон проблема,силерге кымбат баалуу кресло алыш проблема?! Иштен чыккан самолетунар чеке чукага айдагансынарда болоберет деп,курулуп жаткан жол деле ошо курулуп мектептерделе кепилдиги жок!!! Аллага шугур эсен аман конуп алыпсынар!!!
+2
jumaev0084
2018-03-02 18:59:33
учкучка таазим
+3
Rasul94
2018-03-02 20:28:08
дайыр тартса керек.озу корунбойт
+1
Boldukan86
2018-03-02 23:04:07
Журогум ооруп кетти. Коруп алып эле ичинде болгондой коркуп ыйладым. Аллах озу сактаптыр
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан