Өкмөт калктын психикалык саламаттыгын сактоо боюнча 2018-2030-жылдарга карата программасын бекитти

Өкмөт калктын психикалык саламаттыгын сактоо боюнча 2018-2030-жылдарга карата программасын бекитти. Тийиштүү токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүк аппараттан кабарлашты.

Аталган чечим өкмөттүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасын ишке ашыруунун алкагында кабыл алынды. Программанын максаты - психикалык саламаттыкты чыңдоо менен бирге эле оорулардын алдын алып, жеткиликтүү медициналык жардам менен камсыздоо жана ылдам, комплекстүү кызматтарды көрсөтүү системин өнүктүрүү жана адам укугун сактоо, психикалык жактан жабыр тарткан адамдардын айыгып кетүүсүн тездетүү болуп саналат.

Андан тышкары программаны ишке ашыруу боюнча беш жылдык мөөнөткө 35 иш-чарадан турган баштапкы план бекитилди.

Белгилей кетсек, программаны иштеп чыгууда мамлекеттик органдардын, жарандык коомчулуктун жана өкмөттүк эмес уюмдарынын өкүлдөрүнөн турган эксперттик жумушчу топ иш алып барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан