Бишкек-Ош унаа жолуна шагыл аралаш таш түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Маалым болгондой, бүгүн, 2-март күнү саат 10:00 чамасында унаа жолдун 398-чакырымында (Аю-Булак тилкеси) көлөмү 1300 метр шагыл аралаш таш түшкөн. Буга байланыштуу унаа жол бир тарапка жабылды. Учурда 1 жүктөгүч, 1 грейдер тартылып жолду тазалоо иштери жүрүүдө.