Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин 8-февралда өткөн жыйынындагы билдирүүсүн талкуулоого арналган тегерек столдун жыйынтыгында катышуучулар 3 кайрылуу даярдашты. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта SUPER.KG порталына уюштуруучу, укук коргоочу Рита Карасартова билдирди.
Анын айтымында, буга чейин 8 бейөкмөт мекеме биригип сот системинен жабыр тарткандар менен биргеликте жарандык платформа өткөрүлгөн.
"Коррупциядан жана сот системиндеги адилетсиздиктен эл тажады. Президенттин демилгелерин биз да колдоп, жогоруда аталган көйгөйлөрдү чечүү үчүн жарандык коом өз салымыбызды кошууну чечтик. Бирок сөз жүзүндө калбай ишке ашуу керектигин белгилешибиз керек. Ошол себептен бүгүн өткөрүлгөн тегерек столдун жыйынтыгында президентке, коомчулукка жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жасадык.
Кайрылууда президенттин буга чейин айтылган билдирүүлөрүн колдойбуз, укуктуу Кыргыз өлкөсүндө жашагыбыз келет, "Сот системи оңолсо, Кыргыз өлкөсү оңолот" деген колдоо митингин 5-март күнү соттордун кесиптик майрамында өткөрөлү деп жазылган", - деп кошумчалады Карасартова.