Кыргыз өлкөсүндө коррупция менен күрөшүүнүн эффективдүүлүгү төмөн болууда. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы билдирүүсүн талкуулоого арналган тегерек столунда Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент коррупция боюнча катуу сөздөрдү айтканы менен чаралар көрүлө элек.
"Президент Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы билдирүүсүнүн негизинде коррупцияга каршы күрөшүүнүн жыйынтыгы ийгиликсиз болот. Анткени мекемеде коррупция менен күрөшүү милдетин ошол эле мекемеге тапшырып жатат. Өзүңөрдү өзүңөр текшергиле деп тапшырма берүү менен биз жетишерлик деңгээлде жыйынтыкка чыкпайбыз", - деген оюн айтты Масалиев.
Айта кетсек, 8-февраль күнү президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупция менен күрөш мындан ары катуу жүргүзүлө турганын айткан.