Өзбекстандын Наманган облусунун Соку айылында 20 эшекти союуга камданып жаткан адамдар кармалды. Бул тууралуу Өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кармалгандар 20 эшекти айылдын четиндеги мал сарайга алып келип сойгону жатышкан. Бирок жергиликтүү тургундар байкап калышып, милиция кызматкерлерин чакырышкан.
Аймактык тескөөчү сарайга келген учурда териси сыйрылган 3 эшекти тапкан.
Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп, кармалган жарандар мурун дагы эшек союп сатып жүргөндүгү аныкталган.