Бишкек шаарынын борбордук мечитинде республикалык Куран окуу жарышы башталды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жарышка өлкө аймактарындагы тандоо турунан өткөн талапкерлер катышууда.
"Аталган сынак балдардын Куранга болгон сүйүүсүн бекемдеп, ыймандуулукту, адептүүлүктү даңазалап, жан дүйнөнүн тазарышына түрткү берет", - деп жазылган маалыматта.
Жарыш электрондук форматта өтүүдө. Ар бир катышуучу кутучадагы номерди алып калыстарга айтат. Ал эми калыстар тобу берилген номер менен электрондук түрдө кайсы аятты окуй тургандыгын тандап беришет.
Куран окуу жарышында жалпысынан 82 улан ат салышууда.