Кыргыз өлкөсүндө жылына 160 миңдин тегерегинде бала төрөлсө, анын 3 миңге жакыны 1 жашка жетпей чарчап калат. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо борборунун оорулуу ымыркайлар жана ара төрөлгөн балдар бөлүмүнүн башчысы Сагынбү Абдувалиева SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз өлкөсүндө 2004-жылга чейин 1 килограммдан жогорку салмакта төрөлгөн балдарды жашап кетет деп эсептешчү. 2004-жылдан тартып 500 грамм салмакта төрөлгөн ымыркайдын да жашап кетүү мүмкүнчүлүгү бар деп кабыл алышкан.
"Чарчап калгандардын 17-18 пайызы тубаса майып төрөлгөндөр. Алар салмагы аз болуп, дем алуу системи өнүкпөй, органы кемтик төрөлгөндөр. Эгер 1 органы кемтик төрөлсө, башка дагы органы кемтик болушу толук мүмкүн.
Өлкөбүздө мээ кемтиги менен төрөлгөндөр 1-орунда болсо, 2-орунда ашказан-ичеги, 3-орунда бет-жаак кемтиги менен төрөлгөндөр турат. Күндөн-күнгө жүрөк кемтиги менен туулгандардын саны да көбөйүп жатат", - дейт дарыгер.