"Республика-Ата Журт" фракциясы Фархат Иминовдун мандат тапшыруу боюнча арызын кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта SUPER.KG порталына аталган фракциянын лидери Руслан Казакбаев билдирди.
Анын айтымында, арызды фракция бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берет.
"Фархат Иминов ишкерлик менен алектене турганын айтты. Ошондой эле добуш алып кезекте турган талапкерлер бар экенин эске алып, мандатын тапшырууну туура көрүптүр. Биздин маалыматка караганда Иминовдун ордуна Жогорку Кеңешке депутат болуп Марлен Маматалиев келет", - дейт ал.
Марлен Маматалиев буга чейин өкмөттүк аппараттын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген. Ал 1981-жылы 24-мартта Бишкек шаарында төрөлгөн. Марлен Маматалиев мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин баласы.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча Фархат Иминов мандатын тапшыруу боюнча арызды кечээ, 1-мартта берген.