Казакстанда 5 жаштагы баланын ичегисинен 38 даана магнит таштары алынды

Казакстандык 5 жаштагы баланын ичинен 38 магнит таштары киндиги аркылуу алынды. Бул маалыматты жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Алматыда балдардын "Тез жардам" борборуна 5 жаштагы баланын ата-энеси уулунун ичи ооруп жатканын айтып кайрылган. Текшерүү учурунда анын ичегисинде башкача заттардын бар экендиги аныкталып, операция жасалган. Борбордук "Тез жардам" кызматынын бөлүм башчысы Ерлан Мендигалиев:

"Бизге "Тез жардам" кызматы аркылуу 5 жаштагы бала келип түшкөн. Текшерүү учурунда анын ичегисинен топтошкон заттарды байкадык. Ал магнит таштары экен. Магниттер бир жерге топтошуп калган, ал эми бирөөсү өйдө жайгашкан экен. Натыйжада баланын ичегиси жыйрылып кеткен. Тезинен операция жасап, киндик аркылуу 38 магнитти алып чыктык", - деп билдирген.

Учурда баланын акыбалы жакшы. Ал эми магниттер баланын ичегисине кантип кирип кеткени тууралуу маалымат жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ekaterinburg
2018-03-02 14:35:15
Тообо...Ийне,магнит...Не эле болтат озу!
0
ludimira
2018-03-02 14:40:01
Биз чондордун ата энелердин шалаакылыгыбыз эле!!!
+5
Aruwka.89
2018-03-02 18:36:57
Шуру сымалго тооба кантип кирип кетти экен?
0
ashuular_plus
2018-03-02 23:08:16
Ойноп отуруп жута берди да кызыгып. Мен кичинекейимде деле пенопласт жеп алган экемин, горшокту ак тоголок нерселерге толтуруп )))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан