Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов Кыргыз өлкөсүндөгү сот реформасын кайрадан баштоо бүгүнкү күндүн талабы экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-мартта өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун 8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы билдирүүсүн талкуулоого арналган тегерек столдо билдирди.
Иманкуловдун айтымында, учурда Кыргыз өлкөсүндөгү сот реформасын модернизациялоого дагы бир мүмкүнчүлүк бар, аны сөзсүз колдонуу керек.
"Сот реформасын кайрадан баштоо керек. Эгер чынында президент Сооронбай Жээнбеков саясий эркин пайдаланса, ал Кыргыз өлкөсүн коррупциядан тазалоого жана сот реформасын өткөрүүгө тарыхый мүмкүнчүлүктү пайдаланат. Өлкө аймагындагы коррупция менен күрөшүүдө коомчулук да өз салымын кошуу керек. Мамлекеттик деңгээлде атайын кеңеш уюштуруу керек", - деп билдирди ал.
Айта кетсек, аталган тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаттары, экс-депутаттар, коомдук ишмерлер катышты.