Бүгүн, 2-мартта “Республика-Ата Журт” фракциясы мамлекеттик жөлөк пул жөнүндө мыйзамдын аткарылышы тууралуу маселени карады.
Анда баяндаманы вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова жана анын орун басары Лунара Мамытова жасады.
Аталган фракциянын лидери Руслан Казакбаев бул мыйзамдын аткарылышы боюнча ишти “канааттандырарлык эмес” деп табууну сунуштады.
“Мыйзамдын аткарылышы боюнча ишти “канааттандырарлык эмес” деп табууну сунуштайм. Бирок жыйынга айымдар келгендиктен 8-Март - Эл аралык аялдар күнүнө карата мыйзамдын аткарылышын жетишсиз деп баалайлы. Өкмөт өзүнүн кемчиликтерин оңдойт деп ишенебиз”, - дейт Казакбаев.
Жыйынтыгында депутаттар мыйзамдын аткарылышын жетишсиз деп тапты.