Иса Өмүркулов ипотекалык насыяны төлөө мөөнөтүн 25 жылга узартууну сунуштады

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов ипотекалык насыяны төлөө мөөнөтүн 15 жылдан 25 жылга чейин узартууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-мартта аталган фракциянын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 10-17 миң сомдон төлөө мүмкүнчүлүгү бар үй-бүлөлөр өтө аз. "Маселеге реалдуу караш керек. Бир жолун таап, насыяны жеткиликтүү кылгыла. Инвесторлорду тарткыла, грант тапкыла. Насыянын пайызы 6-14 пайыз болбой, эң минималдуу бир пайызда болушу керек. Эмне үчүн насыя бергенде бир пайыз, курулган үйлөр үчүн башка пайыз? Мында маселе бар. Турак жай жарандар үчүн эң көйгөйлүү маселе болуп эсептелет. Бюджеттик чөйрөдө иштегендер, мугалимдер, дарыгерлер үчүн жеткиликтүү болушу керек. Мүмкүнчүлүгү чектелгендер, балдар үйүндө тарбиялангандар үчүн да жеткиликтүү кылуу зарыл. Силердин тизмеңерде балдар үйлөрүнөн чыккандардын тизмеси да жок деп ойлойм. Мамлекет аларды 18 жашка чыкканда турак жай менен камсыз кылбаса, алар жашай турган жери жок кылмыш дүйнөсүнө, башка жактарга кирип кетишүүдө", - деди Иса Өмүркулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Akshumkar
2018-03-02 14:42:40
Туура доске ошентиш керек
+1
Айдай
2018-03-03 11:29:04
Эн туура маселени которуп жатасыздар, эртерээк кучуно кирсе да жакшы болот эле.
+1
tttalant
2018-03-03 20:39:27
20-жылга берседа алат элем айлыка буйруса....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан