Депутат жарандарды арзан турак жай менен камсыз кылууда Сингапурдун тажрыйбасын пайдаланууну сунуштады

Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында "Жеткиликтүү турак жай-2015-2020" программасын ишке ашыруунун жүрүшү боюнча маселе каралды.

Анда депутат Осмонбек Артыкбаев жарандарды арзан турак жай менен камсыз кылууда Сингапурдун тажрыйбасын пайдаланууну сунуш кылды.

"Жарандар өздөрү турак жай сатып ала албаган учурда мамлекеттин элди социалдык турак жай менен камсыз кылуу боюнча милдеттүү түрдө программасы болушу керек. Мисалы 500 миллион долларга 1 миллион чарчы метр турак жай салса болот. Бул өлкө үчүн көп деле акча эмес. Бирок аны менен элдин аярлуу катмарынын турак жай маселесин чечип, алардын турмушунун жакшырышына шарт түзөт. Насыя алуучу ай сайын төлөмдү төлөп турат, эгерде ал төлөй албай баратса, анда үйдү арзан баада ижарага алып, насыяны кайрадан төлөөгө мүмкүнчүлүгү болгонго чейин жашап турат. Бул Сингапурдун тажрыйбасы, муну менен ал өлкөдө көптөгөн жарандардын турак жай маселеси чечилип, турмуш-шарты жакшырган", - дейт Осмонбек Артыкбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azatbek83
2018-03-02 17:06:17
Баары жазуу түрүндө калат!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан