Бүгүн, 2-мартта КСДП парламенттик фракциясы өкмөттүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат угушту.
Анда депутат Чыныбай Турсунбеков ипотекалык компаниянын Нарында салган үйлөрүнүн баасы жогору болуп жатканын айтты. "Аталган программанын алкагында Нарын облусунда курулуп жаткан турак жайдын 1 чарчы метри 570 долларды түзөт. Ал эми күч түзүмдөрүнө чарчы метрин 350 доллар менен курулуп жатат. Бул баа өтө эле жогору экен", - деди Турсунбеков.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев Бишкек шаарында ички жасалгасы жок үйлөр эле 600 доллардын тегерегинде курула турганын айтты. Ал эми Нарындагы үйлөр жер титирөөгө туруштук бере турган үйлөр экенин билдирди.