Орусияда Кыргыз жараны "Тез жардам" унаасына зыян келтирди

Орусиянын Абакан шаарында Кыргыз жараны "Тез жардам" унаасынын маңдайкы айнеги менен айнек тазалагычына зыян келтирди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Абакан шаарынын "Тез жардам" кызматы белгисиз адам көчөдө алардын унаасына зыян келтиргенин полицияга кабарлаган. Окуя болгон жерге тартип сакчылары барып шектүү катары 1977-жылы туулган Кыргыз өлкөсүнүн жаранын кармаган.

"Унаага зыян келтирген деп айыпталып кармалган жаран мас абалында унаалар өткөн жолдо бара жатып, жол кыймылына тоскоолдуктарды жаратып жүргөн. Ошол учурда "Тез жардам" унаасы токтогондо ал келип, машинанын маңдайкы айнегине ургулай баштаган. Мигрант административдик жоопко тартылат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Shef87
2018-03-02 18:51:23
Шерменде
+5
Jigit.1982
2018-03-02 19:33:33
Кыргызстандагы революционер окшойт. Машинаны талкалаганына караганда, Эми орусстар атасын таанытатко.
-1
rysik79
2018-03-02 19:43:53
Мас..
0
datkayimjan
2018-03-03 09:08:54
Чет жерде жон эле журушсо эмне болот
-1
bazar
2018-03-03 18:25:09
Чет жерде бир жерин кысып эле жүрүшпөйбү...
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан