"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: ӨКМ: "Аксыда жер көчкү жүрүү коркунучу жаралган айылдагыларга башка жактан жер берилген, көчпөй жатышат"

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы жер көчкү жүрүү коркунучу жаралган айылдардын жашоочуларына башка жактан жер берилген, бирок алар көчпөй жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы Эрмек Тойчубеков билдирди.

"Ал жер мурда эле кооптуу аймак деп табылган, бул айылда 5-6 турак жай бар. Аларга жер бөлүнүп, пайызсыз насыя берилген. Бирок 3-4 үй-бүлө көчүп кетип, 2-3 үй-бүлө көчкүлө деп эскертилгенине карабастан дагы деле жашап жатышат", - дейт Тойчубеков.

Айта кетсек, буга чейин окурман SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу Аксы районундагы Райкомол айылындагы үйлөрдү көчкү басып калуу коркунучу жаралганын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gitaris93
2018-03-02 17:06:13
кайсы айылы экен аксынын
0
aksy.koi-tash
2018-03-02 17:17:04
gitaris93,райкамол айылы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан