БШК: "Депутат Фархат Иминовдон мандатын тапшыруу боюнча арызы түштү"

Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин депутаты Фархат Иминовдон мандатын тапшыруу боюнча арызы түштү. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта SUPER.KG порталына БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, азырынча комиссия бул боюнча маселени качан карай турганы белгисиз.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча Фархат Иминов мандатын тапшыруу боюнча арызды кечээ, 1-мартта жазган. "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Руслан Казакбаев Иминовдун ордуна Марлен Маматалиев депутат болуп келиши мүмкүн экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан