Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүүнү жогорку кызматтагы жетекчилерден баштоосу керек. Мындай оюн бүгүн, 2-март күнү тегерек столдо мурдагы акыйкатчы Бактыбек Аманбаев билдирди.
Анын пикиринде, өлкөдөгү коррупция негизинен 3 бөлүктөн турат.
"Коррупциянын 1-түрү бул эң жогорку бийлик өкүлдөрүндө орун алган. Ал эми ортоңку жана төмөнкү коррупция бул аймактардагы жетекчилерге тиешелүү. Аны менен күрөшүүгө күч жетет. Бирок учурда эң жогорку бийлик өкүлдөрүндөгү коррупция менен күрөшүүдө сот системиндеги адилетсиздикти жоюу керек. Учурда Кыргыз өлкөсүнүн Бажы кызматындагы, энергетика тармагындагы жана сот системиндеги коррупция бул көйгөйлөрдүн көйгөйү десем болот. 20дан ашуун саясатчыларыбыз учурда сот системиндеги адилетсиздиктен улам түрмөдө отурушат", - деп кошумчалады Аманбаев.
Мындан тышкары ал демилгеленип жаткан "Улуттук кеңеш" соттордун көз карандысыздыгын жана жоопкерчилигин көзөмөлдөөсү керектигин айтты.