ӨКМ: "888 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар жерлерде жашап жатат"

Өлкөдө жаратылыш кырсыктары болушу мүмкүн деп болжолдонгон аймактарда жашап жаткан үй-бүлөлөрдүн саны белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 1-февралга карата чыккан жыйынтык боюнча өлкө аймагында 888 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар жерлерде жашап жатат. Көпчүлүгү түштүк аймактарында. Ош облусу боюнча 437 үй-бүлө, Жалал-Абад облусу боюнча 393 үй-бүлө, Нарын облусунда 24 үй-бүлө жана калган 34 үй-бүлө башка аймактарда. Бул үй-бүлөлөргө жер бөлүп берүү жана көчүрүү иштери жергиликтүү бийлик тарабынан ишке ашырылып жатат.

Сел жүрүү коркунучу бар жерде жашап жаткан үй-бүлөлөрдүн саны өлкө боюнча 1329, анын ичинен 135 үй-бүлө мамлекеттик жардамдарды алып, бирок көчпөй жаткандар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
luuntik
2018-03-03 09:11:17
кочкуло дегенден кийин кочпойбу,басып калса анан дагы отурушат, мына мынча чыгым болдук дешет. Жер бергенден кийин кочуп кет нары, жанынды сактап
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан