Бутундагы протезин алмаштыруу үчүн Орусияга барган Кыргыз жараны аэропорттон мекенине кайтарылды

Орусиянын аймагына кире албай Санкт-Петербургдагы "Пулково" аэропортунда жашап жаткан О.Моминов аттуу Кыргыз жараны мекенине кайтарылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, 27-февраль күнү Моминовдун эжеси Кыргыз мамлекетинин Санкт-Петербургдагы консулдугуна кайрылып, иниси Орусиянын аймагына кире албай жаткандыгы үчүн жардам берүүнү өтүнгөн. Бир күндөн кийин элчилик Моминовдун жакындары жана аэропорттогу чек арачылар менен байланышкан. Чек арачылар Кыргыз жараны Орусияга келүүдөгү максатын так түшүндүрө албай жаткандыгын жана жанында жетиштүү акча каражаты же кепилдик бар экендигин көрсөтүүсү керектигин түшүндүргөн.

Кийин Кыргыз мамлекетинин миграциялык кызматынын Санкт-Петербургдагы өкүлчүлүгү ал жаран Орусиянын "кара тизмесинде" жок болгонун, ага тыюу салууга эч кандай негиз жоктугун аныктап чыккан.

Мындан улам элчилик чек арачылардын аракети боюнча расмий түшүндүрмө алуу үчүн тийиштүү нота даярдашкан болчу. Бирок элчилик Кыргыз жараны 28-февраль күнү кечинде туулган жерине кайтарылганын айтты.

Маалым болгондой, Кыргыз жараны Орусияга бутундагы протезин алмаштыруу үчүн барган. Анын эжеси маалымат каражаттарына иниси бир жыл бою дарылануу үчүн каражат топтогонун айтып берген. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран 30 миң рубль топтоп алып, дарылануу үчүн сапарга аттанган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
bibi87
2018-03-02 21:45:17
Вообще тушунуксуз го, кара тизмеде жок болсо деле киргизбей
+5
momun74
2018-03-03 00:21:34
э койчу бул элчиликти жаап эле салгыла жонокой бир проблеманы чече алышпаса ал жакта кимдин тезегин басып атурушат
+22
Nora
2018-03-03 07:08:28
momu

Xaxaxaaaaaaa, tuura aitasyn jaaap salsyn
+3
nargiz94
2018-03-03 00:38:19
Кайдыгерлик. Жалко, ошончо баргандан кийин, билети да куйду да
+8
marmiladka9
2018-03-03 02:21:02
кайрылгандан кийин бир кун отуп караган эмнеси? тиги бир кун аэро.то курубадыбы?
+8
Maks_shop
2018-03-03 04:19:33
Орусия дагы ал туугандардан коркуп калды ,мен жакында эле Санкт Петербург шаарына келдим улутун эмне ата эненин улуту эмне деп жаман катуу такып сурап жатышат кошо келген туугандардын баарын откозбой кармап калышты мен эмне себеп болуп жатат десем томожный контрольдогулар алар полная проверка болуп анан откозулот деп кармап калышкан
+1
rysik79
2018-03-03 07:45:23
Кыргызстандын озбектерин журогумду алмаштырам дешсе да киргизбейт питерге.
+8
rysik79
2018-03-03 07:48:16
Улуту озбек кыргыз жараны деп жазыш керек. Оригинал кыргыздарга дуйно жузу боюнча жашыл свет да.
+13
aibi8984
2018-03-03 08:52:38
rysik79, ошондой деп жазылганды жок кылып Кыргызстандык деп койбодубу, эми туугандар так кыргызча билгендер чыгат нак кыргызмын деп
+3
talant87
2018-03-03 08:19:56
Элчилик иштейм десе ошол баланын билетин толотуп берериш керек.
+5
shumkar929292
2018-03-03 09:48:50
Улутун көргөзгөн паспорт жакшыле да улутун жок ким кааласа кыргыз болуп жүрө берсин улутту сактап албай отурабыз эми
+8
portugalia
2018-03-03 10:18:21
Кыргыз жараны дебей Кыргызстандык озбек дебейсинерби
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан