Мьянма жана Индия менен өтчү беттештерге Кыргыз футболчуларынан кимдер чакырылды? (тизме)

Футбол боюнча Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Мьянма жана Индия менен беттештерде ойной турган Кыргыз өлкөсүнүн кеңейтилген курамасы белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мьянма менен оюн 22-мартта Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтөт, 27-мартта Бишкек шаарында Индия курамасына каршы беттеш өтөт. Башкы машыктыруучу Александр Крестинин машыгууга 27 футболчуну чакырды.

Футболчулар 15-марттан тарта Түштүк Кореяда окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүшөт.

Улуттук команданын курамысы:

Дарбазачылар: Павел Матяш ("Алмалык", Өзбекстан), Валерий Кашуба ("Дордой"), Калыс Акималиев ("Абдыш-Ата").

Коргоочулар: Азамат Байматов ("Борнео", Индонезия), Курсанбек Шератов, Тамирлан Козубаев, Бахтияр Дүйшөбеков, Аскарбек Салиев, Авазбек Откеев, Дэниэл Тэго (бардыгы "Дордой" футболдук клубунан), Аманбек Маныбеков ("Абдыш-Ата"), Ильяз Алимов ("Алай"), Виктор Майер ("Виденбрюк", Германия);

Жарым коргоочулар: Павел Сидоренко, Азиз Сыдыков, Ислам Шамшиев, Муролимжон Ахмедов, Азим Азаров, Кайрат Жыргалбек уулу, Сүйүнбек Мамыралиев (бардыгы "Дордой" футболдук клубунан), Одилжон Абдурахманов ("Алай"), Фархат Мусабеков ("Футбол борбору" футболдук клубунан), Антон Землянухин ("Атырау" Казакстан), Эдгар Бернхардт ("Тычи", Польша);

Чабуулчулар: Виталий Люкс ("Унтерхахинг", Германия), Мирлан Мурзаев ("Серик Беледиеспор", Түркия), Бекжан Сагынбаев ("Дордой").

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
sirgak_92
2018-03-02 20:04:59
Бут эле Дордой болуп кетиптир го.
Менимче Ахлетдин Исраилов,Анатолий Власичев, Винямин Шумейко, Талгат Бектур уулу деген оюнчуларды чакырса бир топ эле күчтүү болмок беле деп ойлойм!!!!
+2
zevs
2018-03-02 20:16:09
kuyo bala jokko. je boldubu karieara buttubu
0
FlNAL
2018-03-02 20:26:59
zevs, Туратко жылтырап Дэниел Тэго деп))
+6
uz.nookat
2018-03-02 20:31:23
zevs,чын эле
+1
FlNAL
2018-03-02 20:26:01
Негизи чемпион клубдан оюнчу коп чакырылыш керек эле, бул жерде бут эле Дордойго. Крестин эркекче чакырбаптыр, бул жагы тааныш-билиш экени ачык эле корунуп турат. Алай 3 жылдан бери КР чемпиону болуп, ошодон бери (Барса крупный счет менен реалды каккандай) Дордойду крупный счет менен кагып келет и кандай ойногонун далилдешипда жатат.
+3
TalaCSKA
2018-03-02 20:45:34
FlNAL,Алайдын ойунун негизи легионерлер кылат .санап берчи улуттук курамга кимдер татыктуу?
-9
FlNAL
2018-03-02 20:52:30
TalaCSKA, А сен санап берчи легионерлерди?
+4
make2
2018-03-03 10:15:56
Алайдан АлиаСилланы күйө бала кылгыла анда гражданство бериш керек
0
Usonbek
2018-03-03 17:47:58
Максат Алимовту чакырыш керек
0
taku88
2018-03-07 21:42:28
валерий кичин жоккоооооооо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан