Футбол боюнча Кыргыз курама командасы Азия Кубогуна катышуу үчүн Бириккен Араб Эмиратына учуп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына футбол федерациясынын маалымат катчысы Наталия Угрюмова кабарлады.
"Улуттук курама Азия Кубогуна катышуу үчүн бүгүн, 3-январда Доха шаарынан Бириккен Араб Эмиратына учуп кетти. Мелдеш учурунда Кыргыз курамасы Бириккен Араб Эмиратынын Аль-Айн шаарына жайгашып, жергиликтүү клубдун спорттук базасында машыгууларын жүргүзөт", - деди Угрюмова.
Белгилей кетсек, Азия Кубогу 5-январдан 1-февралга чейин, Бириккен Араб Эмиратында өтөт. Кыргыз Өлкөсү С тайпасында Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин өлкөлөрү менен беттешет. Турнирдин алкагындагы алгачкы оюнун Кыргыз курамасы 7-январда Кытайга каршы өткөрөт.