Кечээ, 10-сентябрда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы өз тарыхында 110-расмий беттешин өткөрдү. Анда Кыргыз улуттук курамасы Сирияга каршы ойноп, 2:1 эсебинде жеңишке жеткенге үлгүрдү.
Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы 1992-жылы түзүлүп, 1994-жылы эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) жана Азия футбол конфедерациясынын (АФК) толук кандуу мүчөсү болгон.
Улуттук курама 24 жыл ичинде расмий 110 беттеш өткөрдү. Анын 25и Бишкекте ойнолсо, калган 85 оюн башка мамлекеттерде орун алган. Жалпысынан кыргыз футболчулары 31 оюнда жеңишке жетишип, 62 оюнда жеңилүү ызасын тартышкан. Ал эми 17 беттеш тең чыгуу менен аяктаган.
Бул беттештердин жүрүшүндө Кыргыз курама командасы 105 гол киргизип, атаандаштар биздин дарбазага 192 гол киргизген.
Эң ири эсептеги жеңиш 1997-жылы катталып, анда кыргыз футболчулары Мальдив курамасын 6:0 эсебинде утушкан. Эң ири жеңилүү да 1997-жылы катталган. Футболчуларыбыз Иран курамасынан 7:0 эсебинде жеңилишкен.
Расмий беттештердин тизмеси:
1994-жыл
Өзбекстандын көз карандысыздык Кубогу
1-оюн. Ташкент шаары, 13-апрель. Түркмөнстан-Кыргыз Республикасы – 5:1;
2-оюн. Ташкент шаары, 15-апрель. Тажикстан-Кыргыз Республикасы – 1:0;
3-оюн. Ташкент шаары, 17-апрель. Кыргыз Республикасы-Казакстан – 0:0;
4-оюн. Ташкент шаары, 17-апрель. Өзбекстан-Кыргыз Республикасы – 3:0.
1996-жыл
Азия Кубогу. Тандоо туру
5-оюн. Эр-Рияд шаары, 24-январь. Сауд Арабия-Кыргыз Республикасы – 3:0;
6-оюн. Эр-Рияд шаары, 26-январь. Йемен-Кыргыз Республикасы – 1:0;
7-оюн. Эр-Рияд шаары, 31-январь. Сауд Арабия-Кыргыз Республикасы – 2:0;
8-оюн. Эр-Рияд шаары, 2-февраль. Кыргыз Республикасы-Йемен – 3:1.
1997-жыл
Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру
9-оюн. Дамаск шаары, 4-июнь. Кыргыз Республикасы-Иран – 0:7;
10-оюн. Дамаск шаары, 6-июнь. Кыргыз Республикасы-Мальдив – 3:0;
11-оюн. Тегеран шаары, 9-июнь. Иран-Кыргыз Республикасы – 3:1;
12-оюн. Тегеран шаары, 11-июнь. Кыргыз Республикасы-Сирия – 2:1;
13-оюн. Тегеран шаары, 13-июнь. Мальдив-Кыргыз Республикасы – 0:6.
1999-жыл
Азия Кубогунун тандоо туру
14-оюн. Дүйшөмбү шаары, 3-август. Оман-Кыргыз Республикасы – 3:0;
15-оюн. Дүйшөмбү шаары, 5-август. Тажикстан-Кыргыз Республикасы – 3:2;
16-оюн. Дүйшөмбү шаары, 7-август. Иран-Кыргыз Республикасы – 5:1.
2000-жыл
Батыш Азия федерациясынын Кубогу
17-оюн. Амман шаары, 23-май. Иордания-Кыргыз Республикасы – 2:0;
18-оюн. Амман шаары, 25-май. Кыргыз Республикасы-Ливан – 0:2;
19-оюн. Амман шаары, 27-май. Кыргыз Республикасы-Ирак – 0:4.
Жолдоштук беттеш
20-оюн. Таллин шаары, 15-ноябрь. Эстония-Кыргыз Республикасы – 1:0.
2001-жыл
Жолдоштук беттеш
21-оюн. Таиланд, 30-январь. Таиланд-Кыргыз Республикасы – 3:1;
Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру
22-оюн. Сингапур, 3-февраль. Сингапур-Кыргыз Республикасы – 0:1;
23-оюн. Сингапур, 6-февраль. Бахрейн-Кыргыз Республикасы – 1:0;
24-оюн. Сингапур, 9-февраль. Кыргыз Республикасы-Кувейт – 0:3;
25-оюн. Кувейт, 21-февраль. Бахрейн-Кыргыз Республикасы – 2:1;
26-оюн. Кувейт, 24-февраль. Кувейт-Кыргыз Республикасы – 2:0;
27-оюн. Кувейт, 27-февраль. Кыргыз Республикасы-Сингапур – 1:1.
2003-жыл
Азия Кубогунун тандоо туру
28-оюн. Непал, 16-март. Кыргыз Республикасы-Ооганстан – 1:2;
29-оюн. Непал, 20-март. Непал-Кыргыз Республикасы – 0:2.
Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру
30-оюн. Пакистан, 29-ноябрь. Пакистан-Кыргыз Республикасы – 0:2;
31-оюн. Бишкек шаары, 3-декабрь. Кыргыз Республикасы-Пакистан – 4:0.
2004-жыл
Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру
32-оюн. Бишкек шаары, 12-февраль. Кыргыз Республикасы-Тажикстан – 1:2;
33-оюн. Бишкек шаары, 31-август. Кыргыз Республикасы-Сирия – 1:1.
Жолдоштук беттеш
34-оюн. Доха шаары, 5-июнь. Катар-Кыргыз Республикасы – 0:0.
Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру
35-оюн. Арад шаары, 9-июнь. Бахрейн-Кыргыз Республикасы – 5:0;
36-оюн. Бишкек шаары, 8-сентябрь. Кыргыз Республикасы-Бахрейн – 1:2;
37-оюн. Бишкек шаары, 13-октябрь. Тажикстан-Кыргыз Республикасы – 2:1.
Жолдоштук беттеш
38-оюн. Кувейт, 10-ноябрь. Кувейт-Кыргыз Республикасы – 3:0.
Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру
39-оюн. Сирия, 17-ноябрь. Сирия-Кыргыз Республикасы – 0:1.
2006-жыл
АФКнын Чакырык Кубогу
40-оюн. Дакка шаары, 2-апрель. Пакистан-Кыргызстан – 1:0;
41-оюн. Дакка шаары, 6-апрель. Кыргыз Республикасы-Тажикстан – 1:0;
42-оюн. Дакка шаары, 7-апрель. Кыргыз Республикасы-Макао – 2:0;
43-оюн. Дакка шаары, 9-апрель. Палестина-Кыргыз Республикасы – 0:1;
44-оюн. Дакка шаары, 13-апрель. Тажикстан-Кыргыз Республикасы – 2:0.
Жолдоштук беттеш
45-оюн. Алматы шаары, 5-июль. Казакстан-Кыргыз Республикасы – 1:0.
2007-жыл
Алма-ТВ Кубогу
46-оюн. Казакстан-Кыргыз Республикасы – 2:0;
47-оюн. Шымкент шаары, 9-март. Өзбекстан-Кыргыз Республикасы – 6:0;
48-оюн. Шымкент шаары, 11-март. Азербайжан-Кыргыз Республикасы – 1:0.
Неру Кубогу
49-оюн. Дели шаары, 19-август. Кыргыз Республикасы-Камбоджа – 4:3;
50-оюн. Дели шаары, 21-август. Сирия-Кыргыз Республикасы – 4:1;
51-оюн. Дели шаары, 24-август. Бангладеш-Кыргыз Республикасы – 0:3;
52-оюн. Дели шаары, 26-август. Индия-Кыргыз Республикасы – 3:0.
Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру
53-оюн. Бишкек шаары, 18-октябрь. Кыргыз Республикасы-Иордания – 2:0;
54-оюн. Амман шаары, 28-октябрь. Иордания-Кыргыз Республикасы – 2:0.
2008-жыл
Жолдоштук оюн
55-оюн. Маскат шаары, 27-апрель. Оман-Кыргыз Республикасы – 2:0.
АФКнын Чакырык Кубогу. Тандоо туру
56-оюн. Бишкек шаары, 7-май. Кыргыз Республикасы-Ооганстан – 0:1;
57-оюн. Бишкек шаары, 9-май. Кыргыз Республикасы-Бангладеш – 2:1.
2009-жыл
АФКнын Чакырык Кубогу. Тандоо туру
58-оюн. Катманду шаары, 28-март. Непал-Кыргыз Республикасы – 1:1;
59-оюн. Катманду шаары, 30-март. Кыргыз Республикасы-Палестина – 1:1.
Жолдоштук беттеш
60-оюн. Кытай, 25-июль. Кытай-Кыргыз Республикасы – 3:0.
Неру кубогу
61-оюн. Дели шаары, 20-август. Сирия-Кыргыз Республикасы – 2:0;
62-оюн. Дели шаары, 23-август. Индия-Кыргыз Республикасы – 2:1;
63-оюн. Дели шаары, 25-август. Кыргыз Республикасы-Ливан – 1:1;
64-оюн. Дели шаары, 28-август. Шри-Ланка-Кыргыз Республикасы – 1:4.
2010-жыл
АФКнын Чакырык Кубогу
65-оюн. Коломбо шаары, 19-февраль. Кыргыз Республикасы-КЭДР – 0:4;
66-оюн. Коломбо шаары, 21-февраль. Түркмөнстан-Кыргыз Республикасы – 1:0.
2011-жыл
АФКнын Чакырык Кубогу. Тандоо туру
67-оюн. Мале шаары, 21-март. Тажикстан-Кыргыз Республикасы – 1:0;
68-оюн. Мале шаары, 23-март. Кыргыз Республикасы-Мальдив – 1:2;
69-оюн. Мале шаары, 25-март. Камбоджа-Кыргыз Республикасы – 3:4.
Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру
70-оюн. Ташкент шаары, 23-июль. Өзбекстан-Кыргыз Республикасы – 4:0;
71-оюн. Бишкек шаары, 28-июль. Кыргыз Республикасы-Өзбекстан – 0:3.
2012-жыл
Жолдоштук беттеш
72-оюн. Алматы шаары, 1-июнь. Казакстан-Кыргыз Республикасы - 5:2.
2013-жыл
АФКнын Чакырык Кубогу. Тандоо туру
73-оюн. Бишкек шаары, 17-март. Кыргыз Республикасы-Макао – 1:0;
74-оюн. Бишкек шаары, 19-март. Кыргыз Республикасы-Пакистан – 1:0;
75-оюн. Бишкек шаары, 21-март. Кыргыз Республикасы-Тажикстан – 1:0.
Жолдоштук беттештер
76-оюн. Таллин шаары, 11-июнь. Эстония-Кыргыз Республикасы – 1:1;
77-оюн. Кишинёв шаары, 14-июнь. Молдова-Кыргыз Республикасы – 2:1;
78-оюн. Минск шаары, 6-сентябрь. Беларусь-Кыргыз Республикасы – 3:1;
79-оюн. Жакарта шаары, 1-ноябрь. Индонезия-Кыргыз Республикасы – 4:0;
80-оюн. Бишкек шаары, 19-ноябрь. Кыргыз Республикасы-Азербайжан – 0:0.
2014-жыл
Жолдоштук беттештер
81-оюн. Дубай шаары, 13-апрель. Ооганстан-Кыргыз Республикасы – 0:0;
82-оюн. Кувейт шаары, 12-май. Ооганстан-Кыргыз Республикасы – 1:0;
83-оюн. Кувейт шаары, 16-май. Кувейт-Кыргыз Республикасы – 2:2.
АФКнын Чакырык Кубогу. Финалдык баскыч
84-оюн. Мале шаары, 19-май. Палестина-Кыргыз Республикасы – 1:0;
85-оюн. Мале шаары, 21-май. Кыргыз Республикасы-Мальдивы – 0:2;
86-оюн. Мале шаары, 21-май. Кыргыз Республикасы-Мьянма – 1:0;
87-оюн. Астана шаары, 5-сентябрь. Казакстан-Кыргыз Республикасы – 7:1.
2015-жыл
Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру
88-оюн. Дакка шаары, 11-июнь. Бангладеш-Кыргыз Республикасы – 1:3;
89-оюн. Бишкек шаары, 16-июнь. Кыргыз Республикасы-Австралия – 1:2;
90-оюн. Амман шаары, Иордания-Кыргыз Республикасы – 0:0;
91-оюн. Бишкек шаары, 8-октябрь. Кыргыз Республикасы-Тажикстан – 2:2;
92-оюн. Бишкек шаары, 13-октябрь. Кыргыз Республикасы-Бангладеш – 2:0;
93-оюн. Канберра шаары, 13-ноябрь. Австралия-Кыргыз Республикасы – 3:0;
94-оюн. Бишкек шаары, 18-ноябрь. Кыргыз Республикасы-Иордания – 1:0.
2016-жыл
Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру
95-оюн. Дүйшөмбү шаары, 30-март. Тажикстан-Кыргыз Республикасы – 0:1.
Жолдоштук беттештер
96-оюн. Тегеран шаары, 7-июнь. Иран-Кыргыз Республикасы – 6:0;
97-оюн. Бишкек шаары, 6-сентябрь. Кыргыз Республикасы-Филиппин – 1:2;
98-оюн. Бишкек шаары, 6-октябрь. Кыргыз Республикасы-Ливан – 0:0;
99-оюн. Бишкек шаары, 11-октябрь. Кыргыз Республикасы-Түркмөнстан – 1:0;
100-оюн. Манила шаары, 9-ноябрь. Филиппин-Кыргыз Республикасы – 1:0;
101-оюн. Эр-Рифа шаары, 16-ноябрь. Бахрейн-Кыргыз Республикасы – 0:0.
2017-жыл
Азия Кубогунун тандоо туру
102-оюн. Бишкек шаары, 28-март. Кыргыз Республикасы-Макао – 1:0;
103-оюн. Бенгалор шаары, 13-июнь. Индия-Кыргызская Республика – 1:0;
104-оюн. Янгон шаары, 10-октябрь. Мьянма-Кыргыз Республикасы – 2:2;
105-оюн. Тайпа аралы, 14-ноябрь. Макао-Кыргыз Республикасы – 3:4.
2018-жыл
Азия Кубогунун тандоо туру
106-оюн. Инчон шаары, 22-март. Кыргыз Республикасы-Мьянма – 5:1;
107-оюн. Бишкек шаары, 27-март. Кыргыз Республикасы-Индия – 2:1.
Жолдоштук беттештер
108-оюн. Баку шаары, 29-май. Азербайжан-Кыргыз Республикасы – 3:0;
109-оюн. Бишкек шаары, 6-сентябрь. Кыргыз Республикасы-Палестина – 1:1;
110-оюн. Бишкек шаары, 10-сентябрь. Кыргыз Республикасы-Сирия – 2:1.