Мьянманын футбол федерациясы Кыргыз курама командасынан жеңилген соң башкы машыктыруучусун кызматтан бошотту

Машыктыруучу Герд ЦайзеФутбол боюнча Кыргыз курама командасынан жеңилүү ызасын тарткан соң, Мьянманын футбол федерациясы башкы машыктыруучусун кызматтан бошотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Мьянма курама командасынын башкы машыктыруучусу Герд Цайзе кызматына 2015-жылы дайындалган. Германиялык машыктуучунун башкаруусунда Мьянма курамасы 7 беттеште жеңишке жетип, 23 беттеште жеңилүү ызасын тарткан. Цайзенин келишими 2018-жылдын аягына чейин түзүлгөн. Бирок Азия Кубогунун тандап алуу этабында Кыргыз курама командасынан ири жеңилүү ызасын тартып, Азия Кубогуна аттана албай калган соң, кызматынан бошотулду.

Мьянманын футбол федерациясынын президенти Найнг Зау 27-мартта Макао менен боло турган беттешке башка машыктыруучуга тезирээк алмаштырууга аракет жасай турганын билдирди.

"Машыктыруучу кызматына жергиликтүү жана чет элдик адис тандалышы мүмкүн. Учурда так айта албайм. Биз үчүн эң негизгиси алдыда Макао менен боло турган беттеште ийгилик жаратуу", - деп айткан Найнг Зау.

Айта кетсек, 2016-жылы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргыз курамасы Дүйшөнбү шаарында Тажикстан курама командасын 1:0 эсеби менен жеңип алган. Беттештен кийин Тажикстан футбол федерациясы машыктыруучулук курамын толугу менен алмаштырган.

Кыргыз курама командасы Мьянма менен 22-мартта Түштүк Кореянын Инчон шаарында беттешип, 5:1 эсебинде жеңишке жеткен. Муну менен Кыргыз курама командасы алгачкы жолу Азия Кубогуна аттанса, Мьянма курамасы аттанууга мүмкүнчүлүксүз калган. Эртең 27-мартта Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын акыркы турунда, Кыргыз курама командасы Дөлөн Өмүрзаков стадионунда Индия менен кез келсе, Мьянманын Янгон шаарында Мьянма-Макао беттеши өтөт.

Кыргыз футболчуларынан жеңилген Мьянма башкы машыктыруучусун кызматынан бошотту
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
expert.007
2018-03-26 18:50:39
Баарын эле жеңип келе жатабыз го. Эртең Индияны да жеңип алабыз буйруса
+10
turaliev
2018-03-26 19:04:32
Мындай темп менен Испания, Германия дегендердин чанын кокко сапырабыз го
+9
langar
2018-03-26 19:13:15
Игилик азаматсынар алдыга умтула бергиле буйруса ен кушту фудбалистердин катарына киресинер
+3
beka666
2018-03-26 19:31:01
Молодец буйруса коп ийгмликтерди кутобуз
+2
amirrus
2018-03-26 20:09:45
мактанбай туралы бул олколордо футболго анча деле маани беришбейт но тузук хотябы ушуларды утуп...
+2
Ferdews
2018-03-26 21:40:00
Келгиле баарыбыз биргеликте, чон ийгиликтерди каалап коелу
+2
1Adilet1
2018-03-26 22:06:05
Ушу улуттук кураманын футболчулары бир Кыргызстандык футболдук клубка чогуласа сонун болмок
+2
a.sheralievic.91
2018-03-27 00:11:08
Эртең индия дагы тренерин кетирет)))
+2
honestbek
2018-03-27 20:46:01
52миллион калкы бар Мянманы утуш erdik
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан