ЖЫЛНААМА, 3-МАРТ: Бүгүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун күнү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун күнү. Мамлекеттик туу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген.

Туу кызыл түстө. Анын ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдө кырк нур болуп чачыраган күнгө окшош тегерек жайгаштырылган. Анын ичинде Кыргыз боз үйүнүн түндүгү кызыл түстө берилген. Желектин туурасы анын узундугунун бештен үч бөлүгүн түзөт. Жаркыраган төгөрөктүн диаметри желектин туурасынын бештен үч бөлүгүн түзөт. Күн жана нур чачыраган дискалардын диаметрлеринин салыштырмалуулуугу бештен үч бөлүгүнө барабар. Түндүктүн диаметри жаркыраган төгөрөктүн диаметринин жарымын түзөт.

Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк - үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт. Түндүк өлкөдө жашап жаткан элдердин биримдигинин символу, желектин кырмызы түсү айкөл Манастын туусунун түсү болгон.

Авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.

3-марттын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zahid
2018-03-03 09:46:27
Менин да туулган кунум!!!
0
zahid
2018-03-03 09:46:51
Баарынардын туу кунунор менен
+1
Real_mir
2018-03-03 10:57:20
келгиле анда туугандар бугун (статустагы суротту, аватарды,фондорго what's. .instan,,Facebook дагы суроттун ордуна туунун суротун коелу)бул малыматты достор менен болушойлуу.
+2
Real_mir
2018-03-03 10:58:00
туу кунунор менен.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан