ӨКМ туруксуз аба ырайына байланыштуу кар көчкү түшүүсү күтүлгөн аймактардагы жолдорго чыкпай турууга чакырат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу жолдорго чыкпай турууга чакырат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

"3-мартта тоолуу райондордогу туруксуз аба ырайына байланыштуу Төө-Ашуу ашуусу, Чычкан капчыгайы, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Казарман-Актал-Чат, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Каракол-Эңилчек унаа участкасында кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлүп жаткандыктан жолдор тайгак болот. Эгер зарыл жолго чыгууга туура келсе, унаалар 500 метр аралыкты сактоого тийиш", - деп билдирет ӨКМ.

Белгилей кетсек, 3-марттан 9-мартка чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, карды атып түшүрүү иштери аткарылат. Бул боюнча кечээ, 2-мартта өкмөт башчынын буйругу чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан