"Сосновкадагы транспорттук көзөмөл-өткөрүү жайында тартип күчөтүлүп, ашыкча салмактагы жүк жүктөгөн унаалар артка кайтарылууда", - деп билдирди Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы автотранспорт агенттигинин техникалык тейлөө бөлүмүнүн башчысы Бакыт Давлеталиев.
Маалым болгондой, 1-марттан тартып өткөрүү жайында көзөмөл күчөтүлгөндүктөн, учурда 30дан ашуун унаалар артка кайтарылган.
"Буга чейин ашыкча салмактагы жүк жүктөгөн унааларга айып салынып, аны төлөгөндөн кийин өткөрүлө берчү. Азыр тартип күчөтүлдү. 100-200 килограмм ашыкча жүк салып алган унаалар да артка кайтарылууда. 1-марттан тартып каржы полициясы келип, өткөрмө жайын көзөмөл кылууда", - дейт ал.
Белгилей кетсек, бүгүн "Сосновка" транспорттук көзөмөл өткөрүү жайындагы тараза туура эмес иштеп, канчалаган айдоочулар өтө албай турушат" деген билдирүүнү окурман WhatsApp аркылуу "Элдик кабар" рубрикасына жиберген.