БШК Жогорку Кеңештеги бош депутаттык орундарга келе турган талапкерлерге жоопкерчиликти күчөттү

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештеги бош депутаттык орундарга келе турган талапкерлерге жоопкерчиликти күчөттү. Мындан ары депутат болуп келе турган талапкерлер жеке маалыматтарын өздөрү ачыктап, ал маалыматтар сунуштаган партия тарабынан да бекитилет. Бул тууралуу SUPER.KG`ге БШКнын мүчөсү Алмаз Асаналиев айтып берди.

"БШК өзүнүн токтому менен азыркы Жогорку Кеңештеги бош калган мандаттарга келе турган талапкерлерге жоопкерчиликти бир аз жогорулатты. Алтынчы форма деген бар, биз ага өзгөртүү киргиздик. Анда депутаттыкка келе жаткан талапкер өзүнүн жарандыгы, соттолбогону боюнча маалыматтарды өзү ошол жерге жазып бериши керек жана кайсы саясий партиянын тизмеси менен келе жатса, ошол партиянын колу жана мөөрү болушу шарт. Анткени азыр паспорту жана өлкөнүн жарандыгы болсо эле талапкер мандат алып жатат. Талапкердин кош жарандуулугу боюнча биле албай жатабыз. Көп өлкөлөр кош жарандуулук боюнча жеке жарандын маалыматтарын башка өлкөгө бере бербейт. Ошондуктан биз жоопкерчиликти талапкердин өзүнө жүктөп жатабыз", - деди Асаналиев.

БШКнын мүчөсү кийинки парламенттик шайлоого карата да талапкерлерге жоопкерчилик күчөтүлүшү мүмкүн экенин айтты.

Белгилей кетсек, бүгүн БШК Аида Салянова менен Фархат Иминовду мандатынан ажыратты. 19-январда БШК каза болгон Жыргалбек Калмаматовдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткон. Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Жыргалбек Калмаматов ушул жылдын 1-январында каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azatbek83
2018-03-03 19:09:28
Келип акчаны кылып байлыкты топтоп кете беришет экен да. Андан көрө депутаттарды кыскартышпайбы!
+3
nemo2016
2018-03-03 21:12:17
Качан га чейин багабыз буларды биз сыздап чет олкодо эптеп Жан багабыз булар креслодо ыссык отуруп уялышпады
+2
Tynybek1989
2018-03-04 13:23:52
Кеткен депутаттардын ордуларын жаап салыш керек,кайра башкасын чакырбай.креслодон учтубу бутту местасын бир жолу жок кылып салыш керек.ошентип 120 депутатты азайтыш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан